Коом

Кызыл-Алма айылында 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга тапшырды

Бүгүн Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылында 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга тапшырды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлү тарабынан билдиришти.

Аталган турак үй Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан толук реконструкциядан өткөн.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев катышты.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө жаңы турак жай ээлерин куттуктап, бул иш-чара мамлекеттин жарандардын жашоо шартын жакшыртууга, социалдык туруктуулукту камсыздоого багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button