Саясат

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун датасын бекитти

Бүгүн, 24- сентябрда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын президентин кезектеги шайлоону дайындоо тууралуу токтом кабыл алды.

Ага ылайык, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Токтом долбоорун 86 депутат колдоп, каршы добуш бергендер болгон жок.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев шайлоону шаршемби күнгө белгилөө жарандардын добуш берүүгө активдүү катышуусун жогорулатууга багытталганын билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын катышуусу канчалык жогору болсо, добуштарды сатып алууга байланышкан коррупциялык схемалардын алдын алуу мүмкүнчүлүгү да ошончолук көбөйөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button