Спорт

Денис Петрашов Азия оюндарынын финалына чыкты

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов 2026-жылкы Азия оюндарында 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча финалга чыкты.

Ал тандоо жарышында 2 мүнөт 11,13 секунд жыйынтык көрсөтүп, өз тобунда биринчи келди. Жалпы квалификациялык жыйынтык боюнча 23 спортчунун арасынан 3-орунду ээледи.

Биринчи орунду япониялык Охаши Шин 2:09.93 менен алса, экинчи орунду анын мекендеши Ватанабэ Иппэй 2:10.88 көрсөткүчү менен ээледи.

Финалга эң мыкты жыйынтык көрсөткөн 8 спортчу жолдомо алды. Денис Петрашов медалдар үчүн күрөштү бүгүн, 24-сентябрда, улантат.

Тектеш кабарлар

Back to top button