Коом

Ысык-Көлдө бир нече илбирс видеого тартылды

Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунун биринде жергиликтүү егер эки илбирсти видеого тартып алган.

Жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлар үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жүргүзүп жаткан иштердин алкагында тартылган видеодон үч илбирстин табигый жашоо чөйрөсүндө тынч жана эркин жүргөнүн көрүүгө болот.

Бул байкоо Ысык-Көл облусунун уникалдуу жаратылышынын байлыгын жана аймакта жапайы жаныбарлардын табигый жашоо шарттары сакталып жатканын көрсөтөт.

Илбирс — Кыргызстандын жаратылышынын символдорунун бири, сейрек кездешүүчү жана өзгөчө коргоого алынган жаныбар. Анын табигый жашоо чөйрөсүндө үзгүлтүксүз катталып турушу жапайы жаныбарлардын жашоо аймактарын сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн көрсөтөт.

Жаныбарлардын адамдын кийлигишүүсүз эркин жана тынч жүрүшү коруктун экосистемасындагы табигый экологиялык тең салмактуулуктун сакталышынын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Back to top button