Коом
1-ноябрга карата аба ырайы

Эртең, 1-ноябрда, Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй жана Талас облустарынын аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Шамал: батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5–9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөнкүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө: +5…+10°
Талас облусунда: +6…+11°
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: +14…+19°
Ысык-Көлдө: +8…+13°
Нарында: +9…+14°
Бишкек шаарында: +7…+9°



