Коом
Бишкектеги атышууда жабыркагандар палатага которулду

Бишкекте 10-октябрдын кечинде атышуудан жабыркагандар палатага которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда бейтаптар палатага которулуп, дарылануусун улантып жатат.
Эске салсак, Бишкекте 10-октябрдын кечинде атышуудан кийин эки бейтап тез жардам кызматы аркылуу саламаттыкты сактоо уюмдарына жаткырылган.



