УКМК: Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Казакстандын жарандары Кыргызстандын аймагына автоунааларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сө кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына оң рулдуу унааларды мыйзамсыз алып кирүү каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 27-августунда «Чоң-Капка — унаа жолу» өткөрүү пунктунан кыргыз номуру тагылган Toyota Estima үлгүсүндөгү унаалардын партиясын өлкөгө мыйзамсыз жол менен алып өтүүгө аракет кылып жатканда кармалган.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Бул иштин алкагында кармалган Кыргыз Республикасынын жараны «Н.С.» жана Казакстан Республикасынын жарандары «С.Т.» жана «М.Х.» Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык камакка алынышты.
Азыркы учурда бул фактынын бардык жагдайларын изилдөө жана мүмкүн болгон шериктерин, ошондой эле КРӨ алдындагы МККнын «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар улантылууда.



