Борбор калаада эмне себептен көмүр тартыштыгын Нургазы Курманбеков билдирди

Ноябрь айынын башында аба ырайынын кескин суукташынан улам көмүрдүн кыска мөөнөттүү тартыштыгы жаралды. Бул тууралуу 20-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясында мэрдин отунэнергетикалык комплекс боюнча орун басары Нургазы Курманбеков билдирди.
Ал тартыштык өзгөчө Ленин районунун Мурманск базаларында байкалганын белгиледи. Анын айтымында, буга Чүйдө көмүр корунун жоктугунан чүйлүктөрдүн Бишкектен көмүр сатып алгандыгы себеп болгон. Курманбековдун маалыматы боюнча, 2024–2025-жылдагы жылытуу сезонуна борбор калаа үчүн 240,2 миң тонна көмүр каралган. Анын 175 миң тоннасы шаардык көмүр кампаларына жеткирилген. «Бир жуманын ичинде тартыштык толугу менен жоюлду. Бүгүнкү күндө кампаларда көмүр бар», — деди ал.
Мэрдин орун басарынын маалыматына ылайык, шаардык отун базаларында 1,4 миң тонна көмүр бар, дагы 5,3 миң тоннасы «Кыргызкөмүр» ишканасынын кампаларында сакталууда. Курманбековдун айтымында, 2024-жылы көмүр жана отун сатып алуу үчүн 1 миң 427 аз камсыз болгон үй-бүлө жана 2 уюм жардам алышкан. Буга 8 млн 674 миң сом бөлүнгөн.



