Коом

Бишкек ТЭЦинде түндө авария болуп, беш киши жабыркады

Шаардыктар үйлөрдөгү жылытуучу батареялар муздап баратканын айтышууда. Маалыматты “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы да тастыктады. 

Ошондой эле авариядан улам ысык суу берүү токтотулду.  Бул туурасында Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркады. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Анын ичинен экөө ар кандай даражада күйүк алып реанимацияда жатат, абалдары өтө оор деп бааланууда. Дагы бирөө оор абалда күйүк бөлүмүнө жаткырылган. Калган эки кишинин саламаттыгы жакшы болгондуктан үйүнөн дарыланууга жөнөтүлдү.

Аны менен бирге Бишкекте мектеп жана бала-бакчалар 6-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлдү.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button