Спорт

Кыргызстандын өспүрүмдөр арасындагы футболчулары алгачкы ирет жеңишке ээ болду

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы Азия кубогунун (U-17) тандоо турунда алгачкы жеңишине жетти.

Кыргызстандык команданын катышуусундагы беттештер Бишкекте өттү. 26-ноябрда тандоо турунун үчүнчү оюнунда кыргызстандыктар Гуамдын курама командасы менен ойноп, 9:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Бул Кыргызстан командасы үчүн тандоо турундагы алгачкы жеңиш болду. Буга чейин кыргызстандыктар Йеменге (0:2) жана Пакистанга (1:3) утулуп, Азия кубогунун финалдык этабына чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан. Йемен жана Пакистандын командаларынан жеңилгенден кийин Кыргыз футбол биримдиги команданын башкы машыктыруучусу австриялык Александр Бауэрди кызматтан кетирди. Гуамга каршы беттешке команданы Анарбек Ормомбеков даярдады.

Тектеш кабарлар

Back to top button