Спорт

Кыргызстандык спортчулар Японияда өтө турган Азия оюндарына катышат

Кыргызстандын спорт боюнча курама командасынын Япониянын Нагоя шаарында өтө турган Азия оюндарына катыша турган толук курамы аныкталды. Оюндар 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, континенталдык мелдешке Кыргызстандан спорттун 30 түрү боюнча 168 спортчу катышат. Алардын арасында ММА, текбол, гольф жана киберспорт да бар.

12-сентябрда курама команданын спортчуларына Кыргызстандын мамлекеттик туусу тапшырылды. Команданын капитаны, боксчу Мырзакир Кошалиев тууну Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Урмат Асанбаевден алды.

Ал спортчуларга мелдеш алдында ийгилик каалап, ак жол каалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button