Коом
Кызыл-Кыя шаарында 56 жаштагы жарандан баңгизат табылды

Баткен ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 56 жаштагы А.Т. кийип турган күрмөсүнүн чөнтөгүнөн кагазга оролгон күрөң-кара түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне катталган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, алынган затка тийиштүү экспертиза дайындалган.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат баңгизаттын “гашиш” түрү экендиги аныкталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.



