Коом

Ош – Өзгөн – Манас унаа жолу 6 тилкеге чейин кеңейтилет

Ош – Өзгөн – Манас унаа жолу 4 – 6 тилкеге кеңейтилет. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев 2026-жылы аймакта аткарылчу ири жол долбоорлору боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, келе жаткан 2026-жылы Ош – Бишкек унаа жолунун 100 чакырым аралыгы оңдолот. Тактап айтканда, Оштон Манас шаарына чейинки бөлүгү 4 – 6 тилкелүү болуп курулуп, Куршаб базарын айланып өткөн жаңы айланма жол салынат.

Мындан тышкары, облус аймагында төмөнкү ири долбоорлор да ишке ашырылат:

  • Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун 61 чакырым бөлүгү реконструкцияланат.
  • Ноокат шаарындагы унаа тыгынын азайтуу максатында узундугу 16 чакырымды түзгөн айланма жол курулат;
  • Араван – Төө-Моюн жолунун 40-чакырым тилкеси оңдолот.
  • Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 55 чакырымы жакшыртылат.
  • Дароот-Коргон – Уч-Коргон жолунун 50 чакырым бөлүгү оңдолот.

Облус жетекчиси бул долбоорлор ишке ашып калса, аймактар аралык кыймылды жакшыртып, коопсуз жана ылдам унаа каттамын камсыздай турганын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button