Саясат

Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров саламаттык сактоо министрин алмаштырды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду.

Ал эми Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эске салсак, Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри болуп 2025-жылдын 5-февралында дайындалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button