Коом

Видео. УКМК төрагасынын атын жамынып, ири суммадагы акчаны ээлеп алган алдамчы кармалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары –УКМК төрагасынын атын жамынып, ири суммадагы акчаны ээлеп алган алдамчы кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Б.у.Т. аттуу кыргыз жараны, КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы менен байланышы бар экенин шылтоо кылып, кыргыз жараны Д.А.А.нын ишенимине кирип, ар кандай иштер үчүн системалуу түрдө каражат алган. Ошентип, 2024-жылдан 2025-жылга чейин Б.у.Т. ири суммадагы акчаларды ээлеп алган.


Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Б.у.Т. жабырлануучуларга телефон аркылуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал – полковник К.К.Ташиевдин сүрөтү чегерилген килем-портретин көрсөткөнү, ал аны төрагага белек катары алганын айткан. Бирок аталган килем-портретте УКМК төрагасынын үч эмес, төрт генералдык жылдызы тартылганы менен айырмаланган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «алдамчылык» менен кылмыш ишин козгоп, Б.у.Т. КР УКМКнын УКЖсына камакка алынган.

Тектеш кабарлар

Back to top button