Коом

Кыргызстан 9 айда 2,7 миллион жуп бут кийим экспорттоду

Кыргызстандан чыгарылган бут кийимди импорттогон мамлекеттердин сап башында ЕАЭБ өлкөлөрү турат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылды.

Ушул жылдын январь-сентябрь айларында республика 2,7 миллион жуп бут кийим экспорттогон. Сатып алган мамлекеттердин тизмеси төмөнкүдөй:

Россия — 1 млн 783 миң жуп

Казакстан — 660 миң

Өзбекстан — 107,4 миң

АКШ — 17,6 миң

Беларусь — 9,4 миң

Германия — 2,9 миң

Финляндия — 1,8 миң.

Ошондой эле Афганстанга, Улуу Британияга, Грузияга, Францияга, Испанияга, Канадага, Польшага, Азербайжанга, Намибияга да аз санда сатылган. Ал эми Түркияга эки жуп жөнөтүлгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button