Коом

Жаңы ипподромдун жанына жогорку чыңалуудагы «Ак-Кула» көмөк чордону курулат

 Бишкектеги жаңы ипподромдун жанына жогорку чыңалуудагы «Ак-Кула» көмөк чордону курулат. Бул тууралуу «Кыргыз улуттук электр тармагы» ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, быйылкы жылдын капиталдык курулуш жана реконструкциялоо планына ылайык, «КУЭТ» — Бишкек электр тармактар ишканасы 110/10 киловольт чыңалуусундагы жаңы «Ак-Кула» көмөк чордонунун курулушун баштайт.

Курулуш иштери 2024-жылдын апрелинде башталат. Борбор калаанын мэриясы жер тилкесин бөлүп берген. Учурда инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыгуу, геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу даярдык иштери жүрүп жатат.

Курулушту «Кыргыз улуттук электр тармагы» ишканансы өзү каржылайт.

21-мартта президент Садыр Жапаров жаңы «Ак-Кула» ат майданынын курулушуна капсула салган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button