Коом
Кыргызстанда 2024-жылдын башынан бери 600 млн сомго 41 айыл чарба техникасы лизингге берилди
2024-жылдын 8-январынан 30-январына чейин 593 млн сомго 41 даана техника дыйкандарга лизинг жолу аркылуу берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө «Айыл Банк» ААК айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндар, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлор жана башка айыл чарба шаймандары жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингге берүүдө.



