Коом
УКМК: Чет элдик атайын кызматтын агенти тыңчылык үчүн соттолду

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин 324-беренеси («Тыңчылык») менен каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында чет элдик жаранды кармаган.
Кармалган жаран өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, көрсөтмө берген.
Соттун чечими менен, талашсыз далилдердин негизинде, бул жаран күнөөлүү деп табылып, ага коюлган айыптар үчүн соттолду.
Улуттук коопсуздук органдары чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишүүсүнө жол бербөө максатында контрчалгындоо иштерин туруктуу негизде жүргүзүп турат.



