Үй шартында сууда төрөөнү чечкен блогердин баласы чарчап калды

Миллиондук аудиториясы бар блогер Айша Чигга үй шартында өткөн төрөттөн кийин баласынан ажырады. Төрөт үйлөмө бассейнде кабыл алынган. Каргашалуу окуя тууралуу алгач ЖМКлар кабарлап, кийин Чигга өзү да байланышып, болгон окуяны айтып берди. Окуя Москва шаарында болгон. Дарыгерлер жаңы төрөлгөн ымыркайды реанимациялай алышкан жок.
27 жаштагы Айша Чигга ооруканага жаткырылган. Көп өтпөй ал Telegram-каналында кайгылуу кабар менен бөлүштү.
«Бул саптарды өтө оор жагдайда жазып жатам. Үй шартындагы төрөт маалында трагедия болду, жаңы төрөлгөн балам аман калган жок. Мени ооруканага жаткырышты, азыр жан чыдагыс кайгыны баштан кечирип жатам, түн абдан оор өттү», — деп жазган ал. Чигга учурда психологиялык жардамга муктаж экенин да белгиледи.
Анын айтымында, окуя боюнча укук коргоо органдары иш алып барууда.
«Алдыда жерге берүү аземи, көптөгөн териштирүүлөр, кеңешмелер жана иликтөөлөр турат», — деди блогер, катталуучуларынан моралдык колдоо сурап.
Айша Чигга кош бойлуулугу тууралуу жазылуучулары менен активдүү бөлүшүп келген. Айрыкча, коноктор катышкан жаркын гендер-пати өткөрүп, анда өзү жана баланын атасы уул күтүп жатышканын жарыялашкан. Маалыматка караганда, болочок ата-энелер баласын акушерлердин катышуусуз, үйдө төрөтүүнү алдын ала чечишкен.
Айша Чигга (чыныгы аты — Айша Чагаева) TikTok платформасында 1,4 миллионго жакын катталуучусу бар. Ал — хореограф, бийчи, модель, актриса жана блогер. Юристтердин айтымында, Чигга менен анын жолдошунун жоопкерчилиги ымыркайдын өлүмүнүн себептери такталгандан кийин белгилүү болот.
Дарыгерлер болсо медициналык жардамсыз төрөт эне үчүн да, бала үчүн да өтө чоң коркунуч жаратарына эскертүүдө.



