Коом

«Учкунда» мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоодо коопсуздук кандай камсыздалат?

«Учкун» ААКсынын өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев бүгүнкү маалымат жыйында ишканада коопсуздук кандай камсыздаларын айтты.

Анын айтымында, ишканада үч баскычтуу көзөмөл жүргүзүлөт.

«Тышкы периметрде, башкача айтканда, кирип-чыгуу жана унаалардын өтүү жерлеринде ИИМдин күзөт кызматы, “Учкун” ААКсынын коопсуздук кызматы жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан көзөмөл жүргүзүлөт. Кирип-чыгууда жарандарды сканерлөө жана жеке текшерүү үчүн атайын жабдуулар бар. Электрондук түзүлүштөр, телефондор, электрондук тамекилер, зажигалкалар жана башка буюмдар сыртта калтырылат», — деди ал.

Бейшеевдин маалыматына караганда, мамлекеттик маанидеги документтер даярдалган цехтерде кошумча күзөт уюштурулуп, видео жана фотокаттоо жүргүзүлөт. Ошондой эле адамды толук текшерүүгө мүмкүндүк берген сканерлөөчү жабдуулар орнотулган. Баштыктар жана жеке буюмдар мындай цехтерге киргизилбейт.

Ал мамлекеттик маанидеги документтер — паспорттор жана ID-карталар тиешелүү кызматтын коштоосунда дарегине жеткирилерин кошумчалады. Документтерди жүктөөдөн тартып кардарга өткөрүп бергенге чейин бардык процесс видеого жаздырылат.

«Учкун» ААК Кыргыз Республикасынын Президенттин Иш башкармалыгына караштуу мекеме болуп, мамлекеттик заказдарды аткарган негизги ишканалардын бири болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Back to top button