Саясат

Депутаттар саламаттык сактоо министри кызматына Досмамбетовдун талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Досмамбетовду саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук беришти.

Президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов талапкер 2001-жылдан бери улуттук коопсуздук органдарында иштеп келгенин эске салды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Билим берүү, маданият же саламаттык сактоо министрликтерине күчтүү менеджерлер келиши керектигин көптөн бери айтып жүргөнүн, алар сөзсүз түрдө мугалим, артист же дарыгер болууга тийиш эместигин белгиледи.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Досмамбетовду 71 депутат колдоп, каршы добуш бергендер болгон жок.

Буга чейин, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Регламент боюнча комитети Каныбек Досмамбетовду саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карап, аны парламенттин кароосуна жөнөткөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button