Коом

Билим берүү министрлиги Google компаниясы менен кызматташат

28-февралда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Google компаниясынын өкүлдөрү менен билим берүү процессин санариптештирүүнүн илгерлетүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Google-дын билим берүүдөгү санариптик колдонмолорун пайдаланууга кызыгуусун билдирди. Министр билим берүүнүн мазмунун өнүктүрүү, башкаруу процесстерин автоматташтыруу, технологиялар аркылуу мугалимдердин потенциалын жогорулатуу боюнча санариптештирүүнүн негизги багыттарын белгиледи.

Google компаниясынын өкүлдөрү министрликтин жетишкендиктерин белгилеп, туруктуу жыйынтыктарга жетишүү үчүн узак мөөнөттүү кызматташууну жактай турганын билдиришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button