Коом

Сокулук районундагы окуучулардын жаңжалы боюнча кылмыш иши козголду

Сокулук районунун Гавриловка айылындагы окуучулардын жаңжалы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүдө Н.У. атту жарандын Instagram баракчасында жаш өспүрүмдөрдүн мушташы тартылган видео жарыялангандыгы аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 3-ноябрда Сокулук РИИБге аймактык ооруканадан ар кандай жаракаттары менен Т.Сатылганов атындагы орто мектептин 10-классынын эки окуучусу: Гавриловка айылынын тургундары 2009-жылы туулган Н.А. жана С.И. жеткирилгени тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, анын негизинде текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 9 жана 10-класстардын окуучуларынын ата-энелери бири-биринин балдарына карата милицияга арыз менен кайрылышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жаңжалдын себеби жашы кичүү окуучулардын улуу класстагы окуучуларга болгон мурунку таарынычы болгон.

Бул факты боюнча «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери окуяга катышкан бардык окуучуларды аныктап, Сокулук РИИБге тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн жеткиришти.

Тергөө иштери улантылууда. Анын жыйынтыгында окуяга тиешеси бар тараптардын аракеттерине укуктук баа берилип, мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.

Тектеш кабарлар

Back to top button