Айып пул менен кутулуу жок: Россияда мигранттар үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирди

Россияда чет элдиктерди депортациялоо тартиби катаалдашты: ТИМ мекендештерге эскертүү берди.
Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн депортациялоого негиз болуучу административдик укук бузуулардын тизмеси эки эседен ашык кеңейтилди. Мамлекеттик деңгээлдеги жаңы өзгөртүүлөр 3-ноябрдан тартып күчүнө киргенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.
Расмий маалыматка караганда, буга чейин айып пул салуу менен гана чектелип келген айрым мыйзам бузуулар үчүн эми чет элдиктерди өлкөдөн мажбурлап чыгаруу чарасы колдонулушу мүмкүн.
Эми төмөнкү аракеттер үчүн чет элдик жарандар депортацияга кабылышы ыктымал:
Майда бейбаштык жасоо;
Укук коргоо органдарынын же аскер кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө;
Чогулуштарды, митингдерди жана башка коомдук иш-чараларды уюштуруу же өткөрүү тартибин бузуу;
РФ Куралдуу күчтөрүн жаманатты кылууга багытталган ачык аракеттерди жасоо;
Интернет тармагында адамдын кадыр-баркын жана коомдук адеп-ахлакты кемсинткен маалыматтарды таратуу;
Россияга каршы санкция киргизүүгө чакыруу таштоо;
Басмырлоо көрүнүштөрүнө жол берүү;
Нацисттик же экстремисттик символиканы пропагандалоо;
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышуу.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын аймагында убактылуу жашап жана эмгектенип жүргөн мекендештерди өзгөртүлгөн талаптар менен тыкыр таанышып, өлкөдө болуу тартибин жана жергиликтүү мыйзамдарды так сактоого чакырат.



