Коом
20-январга карата аба ырайы

Бугүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Эртең менен туман түшүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында -1…-6 градус суук,
Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө -1…+4 градуска чейин жылуу болот.
Баткенде -3…+2 градуска чейин жылыса,
Ысык-Көлдө -2…+3,
Нарын жергесинде -5…-10 градус суук болот.
Борбор калаа Бишкекте -2…-4,
Ош шаарында 0…+2 градуска чейин жылуу болот.



