Коом

Президенттин тапшырмасы менен Спорт сарайы реконструкцияланат

Бишкек шаарында өлкө президентинин тапшырмасы менен Спорт сарайын реконструкциялоо иштери башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Объекттин абалынын начар экенин депутат Болот Сагынаев көтөрдү. Ал Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Казыбек Молдажиевге кайрылып, эмне үчүн көптөгөн спорт объекттери оңдолуп, жаңылары курулуп жатканын, ал эми Спорт сарайынын абалы өтө начар экенин сурады.

«Олимпиадалык стандарттагы бассейн бар. Аны оңдоп-түзөп, футбол талаасын жасап, мончо ачса болот эле. Спорт сарайы өзүн-өзү каржылай турган объект болмок», — деди эл өкүлү.

Тийиштүү ведомствонун жетекчисинин айтымында, Президент Садыр Жапаров Спорт сарайын оңдоп-түзөө жана реконструкциялоо боюнча тапшырма берген. Анын макамы өзгөртүлбөйт. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевге каражат таап, объектти оңдоп-түзөө боюнча көрсөтмө берилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button