Окуялар
Ысык-Көлдө өзгөчө ири көлөмдөгү баңгизаттарды сатууга шектелгендер кармалды

Ысык-Көлдө өзгөчө ири көлөмдөгү баңгизаттарды сатууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, баңгизат сатуу менен алектенген кылмыштуу топ аныкталган.
Ведомствонун билдиришинче, Ысык-Көл облусунда мурда соттолгон төрт жаран кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар баңгизаттарды жасап, таратып жүрүшкөн. Шектүүлөрдүн үйлөрүн тинтүү учурунда баңгизаттар, ошондой эле аларды даярдоодо колдонулган жабдуулар табылган.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.


