ИИМ Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси менен болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат берди

2024-жылдын 1-февралында Бишкек шаарынын Манас проспектисинде Кытай Эл Республикасынын Элчиси менен болгон жол кырсыгы боюнча тергөө иштери уланууда.
Бул факт боюнча жол-унаа кырсыгына күнөөлүү айдоочуну, ошондой эле автомашиналардын техникалык абалын аныктоо үчүн соттук-автотехникалык экспертиза дайындалган, аны өндүрүү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертиза кызматынын эксперттерине тапшырылган. Алдын ала кароого ылайык, «Хундай-Соната» үлгүсүндөгү унаанын токтотуучу системасы, руль башкаруусу, жүрүү бөлүгү, жол кырсыгына чейин иштин натыйжалуулугуна таасир этүүчү бузуктары болгон эмес жана жол кырсыгы фактысына себептик байланышта болгон эмес.
Медициналык күбөлөндүрүү протоколуна ылайык, «Хундай-Соната» унаасынын айдоочусу И.Б. жол кырсыгы болгон учурда соо болгон.
Ошондой эле «Хундай-Соната» үлгүсүндөгү автомашинанын айдоочусу И.Б. рулда уктап калгандыктан кагылышууга барганын мойнуна алды. Маалыматтарга жана материалдарга тайансак, «Хундай-Соната» унаасынын айдоочусу тарабынан транспорт каражатын эксплуатациялоону бузулгандыгы себеп болгон.



