Коом
Кремль Кыргызстандагы бийликти басып алуу аракети тууралуу маалыматка үн катты

«Кыргызстандагы төңкөрүш аракети тууралуу кабарлар, албетте, тынчсыздандырат. Андыктан биз жаңылыктарды тыкыр карап турабыз. Бизде мындан башка толук маалымат жок«, — деди РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Буга чейин соцтармактарда Кыргызстандын атайын кызматы мамлекеттик төңкөрүш аракетине шектелген бир катар адамдарды кармаганы айтылган.



