Коом

2025-жылы Кыргызстанга дээрлик 21 миллион адам кирген

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга кирген чет элдик жарандардын саны олуттуу өскөнү катталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады.

Аталган кызматтын маалыматына ылайык, өткөн жылы өлкөгө кирүү агымы 2024-жылга салыштырмалуу 18,6 пайызга, ал эми 2023-жылга карата 20 пайызга көбөйгөн.

Отчетто белгиленгендей Кыргыз Республикасына жалпы 20 миллион 978 миң 965 адам кирген.

«2025-жылы кирүү агымынын кескин өсүшү туристтик инфраструктуранын өнүгүшү, эл аралык каттамдардын кеңейиши, өлкөнүн табигый жана маданий потенциалын активдүү жайылтуу, ошондой эле ишкердик жана инвестициялык байланыштардын жанданышы менен шартталды.
Жалпысынан өткөн жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан 37 миллион 50 миң 223 адам өткөрүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, 3 миллион 260 миң 642 транспорт каражаты өткөрүлгөн.

Чек ара кызматы чек аралык жана миграциялык мыйзамдардын сакталышына катуу көзөмөл жүргүзгөн. 2025-жылы жараксыз документтери бар 28 миң 593 адам аныкталып, алардын ичинен 28 миң 6 адамга мамлекеттик чек арадан өтүүгө уруксат берилген эмес. Ал эми болуу эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 миң 31 жаран депортацияланган.

Тектеш кабарлар

Back to top button