Жантелиев: Бишкек шаарында кеминде 1 миң окуучуга ылайыкталган 73 мектеп куруу зарыл

Эсептөөлөргө ылайык, Бишкек шаарындагы муктаждыкты камсыз кылуу үчүн кеминде 1 миң окуучуга ылайыкталган 73 мектеп куруу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Самат Жантелиев билдирди.
Маалымат 2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган «Мамлекеттик мектептерди куруу» долбоорунун 2-фазасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиясынын Өнүктүрүү фонду ортосундагы Кредиттик келишимди ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айтылды.
Ал депутаттардын борбор калаада учурда канча мектеп жетишпей жаткандыгы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, административдик-аймактык реформага байланыштуу Бишкектин аймагы кеңейип жатканын белгиледи.
«Сауд Арабиясы тарабынан кредиттик каражаттар бөлүнгөн долбоордун экинчи фазасынын алкагында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жаңы мектептерди куруу пландалууда. Мектептер курула турган жерлер Бишкек шаарынын мэриясы жана башка ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте аныкталды. Ошондой эле 2029-жылдан кийин долбоордун үчүнчү фазасын ишке ашыруу пландалып жатат. Анын алкагында республика боюнча мектептерди куруу иши улантылат», — деп кошумчалады Самат Жантелиев.



