Коом

Ажылыкка кеткен 6060 кыргызстандыктын коопсуздугу көзөмөлдө

Ажылыкка кеткендердин коопсуздугу көзөмөлдө турат. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков  билдирди.

Анын айтымында, учурда ажылык сапарда 6060 жаран жүрөт.

«Бүгүнкү күндө абал туруктуу болгон үчүн ажылык сапарга даярданган жарандарыбызды аман-эсен жеткирип алдык. Алардын коопсуздук маселеси дайыма көзөмөлдө турат. 19-майда акыркы каттам менен жарандар учуп, 6060 киши азыр ажылыкта жүрөт», — деди ал.

Ташибеков белгилегендей, быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстанга ажылык сапар үчүн 6 миңден ашык квота берген.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button