Ноокатта “Т. Кулатов” жаңы көмөк чордону ишке кирди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош электр тармактар ишканасынын Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылында 35/10 кВ “Т. Кулатова” көмөк чордонунун жана 35 кВ “Абшыр -Т. Кулатов” аба чубалгысын ишке киргизди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, долбоордун негизги максаты — 110/35/10 кВ “Көк-Жар” көмөк чордонунан чыккан узундугу 55 км болгон 10 кВ “Абшыр” фидериндеги 97 трансформаторго туташкан 3626 абоненттин ичинен 1820 абонентти жаңы курулган 35/10 кВ “Т. Кулатов” көмөк чордонунан электр энергиясы менен камсыз кылуу. Ошондой эле Т. Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Абшыр, Кожо-Арык, Кош-Добо жана Баглан айылдарынын тургундарын сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо болуп саналат.
“Мындан тышкары, 35/10 кВ “Абшыр” жана 110/35/10 кВ “Көк-Жар” көмөк чордондору ашыкча жүктөмдөн арылып, техникалык жоготуулар азаят. Узундугу 5,6 км болгон 35 кВ “Т. Кулатова” аба чубалгысы СИП тибиндеги өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган өткөргүчтөр менен курулуп, 35 кВ “Көк-Жар – Абшыр” аба чубалгысына кошулду.
Пландалган нарк боюнча көмөк чордон курууга 15 млн сом, 35 кВ аба чубалгысын курууга 10 млн сом каралган. Ал эми аткарылган иштердин жыйынтыгында көмөк чордон 8 млн 218,45 миң сомго, аба чубалгысы 7 млн 197,28 миң сомго курулду.

Ачылыш аземинде министр Таалайбек Ибраев аймактарда электр энергетика инфраструктурасын өнүктүрүү калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоонун негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, мындай объекттердин ишке кириши энергетикалык тутумдун ишенимдүүлүгүн жогорулатарын айттып өттү.
Техникалык жактан алганда, көмөк чордондо кубаттуулугу 2,5 МВА болгон 35/10 кВ трансформатор, 35 кВ өчүргүч жана КРУН-10 кВ жабдуулары орнотулуп, Кош-Добо, Кожо-Арык жана Баглан багыттары боюнча 10 кВ чыңалуудагы үч фидер чыгарылды.
Белгилей кетсек, 35/10 кВ “Т. Кулатов” көмөк чордонун куруу маселеси II Элдик Курултайда жергиликтүү калк тарабынан көтөрүлүп, бүгүнкү күндө толук ишке ашырылып, объект пайдаланууга берилди”, — деп айтылат билдирүүдө.



