Коом

Кыргызстандагы мамлекеттик эмес соттук экспертиза палатасынын башкаруу органдарына талапкерлерди көрсөтүү процесси башталды

Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз соттук эксперттер палатасынын башкаруу органдарына талапкерлерди көрсөтүү процесси башталды.

Процедура көз карандысыз соттук экспертиза институтун өнүктүрүү, эксперттик ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатуу жана өзүн-өзү жөнгө салуу системасын бекемдөө максатында Палатанын кеңешин (7 адам) жана Этика боюнча комиссияны (5 адам) түзүү үчүн жүргүзүлүүдө.

Соттук-эксперттик ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген компетенттүүлүк сертификаты бар квалификациялуу адистер катышууга чакырылат.

Палатанын башкаруу органдарына талапкерлерди көрсөтүүгө байланыштуу бардык суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринен консультация ала аласыздар:

Карыбекова Айпери Карыбековна, соттук-эксперттик иш бөлүмүнүн башкы адиси

Иш телефону: +996 (312) 626 210 (ички 157)

Мобилдик телефон: +996 (705) 450 450

Мырзабекова Толгонай Нурматовна, соттук-эксперттик иш бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Иш телефону: +996 (312) 626 210 (ички 157)
Мобилдик телефон: +996 (773) 876 229

Сталбеков Бексултан Сталбекович, Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Иш телефону: +996 (312) 300 297
Мобилдик телефон: +996 (708) 530 286

Арыздар 2026-жылдын 6-февралына чейин кабыл алынат.

Тектеш кабарлар

Back to top button