Коом

31-январга карата аба ырайы

Бүгүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3…+8,

Ысык-Көл өрөөнүндө +2…+7 градус жылуу болот.

Нарын жергесинде -1…-6 градус суук болушу ыктымал.

Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +5…+7 градуска чейин көтөрүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button