Коом

Агартуу министрлиги Чырак айылындагы окуя боюнча териштирүү баштады

Агартуу министрлиги Жети-Өгүз районунун Чырак айылындагы Т.Акун атындагы жалпы билим берүү мектебинде орун алган окуя боюнча териштирүү баштады.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, жалпы билим берүү мектебинин дене тарбия мугалиминин окуучуларга карата кол көтөргөн.

Министрликтен белгилешкендей, бул көрүнүш балдарга карата жасалган зомбулук катары бааланып, педагогикалык кызматкер тарабынан кесиптик этиканын одоно түрдө бузулгандыгын айгинелейт.

Агартуу министрлиги Ички иштер министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иш-чараларды дароо баштаган. Учурда териштирүү иштери улантылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда мугалим балдарды уруп жаткан видео тараган.

Тектеш кабарлар

Back to top button