Коом

Президент жол кыймылынын эрежелерин бузууга байланыштуу үй-бүлөсүндө болгон жеке трагедияларды эске салды

Мамлекеттик «Унаа» ишканасында жарандар менен жолугушууну улантып жатып, Президент Садыр Жапаров популизм жана мамлекеттик органдарга эмоционалдык басым көрсөтүү учурлары тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, мындай көрүнүштөр системалуу реформаларга тоскоол болууда.

Мамлекет башчысы соңку мезгилде «бир жерде 100–200дөй адам чыгып, кыйкырып-чыңырып, ызы-чуу салып, анын өлкөгө пайдасы же зыяны бар-жогун ойлобостон, бийлик дароо талаптарын аткарсын деп чыгышкан» учурлар көбөйгөнүн белгиледи.

Садыр Жапаровдун айтымында, айрым саясатчылар дагы эле элдин эмоциясына ойноп, микрофонду «маселени конструктивдүү чечүү үчүн эмес, шайлоочуларына жагуу үчүн» колдонуп келишет.

«Эгер маселе көтөрсөңөр, аны изилдегиле, талдагыла, таразалап көргүлө. Жети өлчөп, бир кескиле. Бул маселе мамлекетке, элге пайда алып келеби — ошону түшүнүү маанилүү. Мен да депутат болгонмун, кээде чыгып кооз сүйлөгүң келет. Бирок кесепетин ойлош керек», — деп баса белгиледи ал.

Президент ошондой эле Жол кыймылынын эрежелерин бузууга байланыштуу үй-бүлөсүндө болгон жеке трагедияларды эске салды.

Анын айтымында, мыйзамды сактабастык миңдеген адамдык трагедияларга алып келүүдө, бир тууган иниси келини экөө жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерде каза болгон. Кырсыктан 4 баласы ар кандай жаракат алып, бирок аман калышкан. 

«Кимдир бирөө эрежени айланып өтсө болот деп чечкендиктен, миңдеген үй-бүлөлөр жакындарынан айрылып жатат. Ошондуктан дагы бир жолу суранам: окугула, экзамендерди таза тапшырыгыла, эч ким эч кимди шаштырбайт. Бирок тартип сакталбаса, трагедиялар сөзсүз болот.

2019-жылы менин улуу уулум да ушундай себептен каза болгон — кимдир бирөө эрежени бузуп, тыюу салынган жерден бурулуп, кырсык жараткан. Мындай кайгылуу тагдыр менен миңдеген үй-бүлөлөр жашап келет. Ошондуктан дагы бир жолу кайрылам: окугула, тартипти сактагыла, кыска жол издебегиле. Өлүм менен коштолгон кырсыктардан алыс болуу үчүн жол эрежелерин жакшы окуш керек. 10 ай көз ачып-жумганча эле өтүп кетет », — деди Садыр Жапаров.

Жыйынтыгында Президент депутаттарды «ызы-чуу салган топтордун басымына алдырбоого жана эмоцияга эмес, талдоого негизделген чечимдерди кабыл алууга» чакырып, коом, парламент жана аткаруу бийлигинин ортосунда цивилизациялуу диалог түзүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button