Коом

Каныбек Досмамбетов: Капиталдык оңдоп-түзөөлөргө акча коротпой жаңы салалы деп жатабыз

Кыргызстанда райондук жана облустук ооруканаларды бир типте куруу пландары коюлууда. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Region телеканалына маек берген учурунда билдирди.

Анын айтымында, медицина тармагындагы кырдаал оорураак, имараттар менен инфраструктура эскирип бүткөн.

«Капиталдык оңдоп-түзөөлөргө акча коротпой жаңы салалы деп жатабыз. Райондогу, облустагы ооруканалар бир типтүү, бир стандартта болушу керек. Министрликтин башкы аппараты бул көйгөйдөн алыс калган, андыктан башкы дарыгерлер өздөрү долбоор жазып, өздөрү акча издешкен. Алардын (имарат — ред.) арасында бир типтегилери жок. Биз заманга бап келтирип салышыбыз керек. Мисалы, биринчи кабатта бейтапкана, экинчисинде станционар, андан соң администрация жайгашуусу зарыл», — деген Досмамбетов.

Тектеш кабарлар

Back to top button