Досмамбетов: Индиядан келген жүргүнчүлөргө өзгөчө көңүл бурулууда

Бул тууралуу саламаттык сактоо мнистри Каныбек Досмамбетов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Медина Кайрылбекова Нипах вирусунун жайылышына байланыштуу кырдаал боюнча министрлер кабинети кандай чараларды көрүп жатканын сурады.
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди.
«Кыргызстан санитардык-карантиндик көзөмөлдү жана алдын алуу иш-чараларын күчөттү. Айрыкча Индиядан келген жүргүнчүлөргө өзгөчө көңүл бурулууда, анткени ал жакта жуктуруп алуу учурлары катталган. Өлкө президенти өз фондунан Ош, Каракол жана Тамчы шаарларындагы эл аралык макамдагы аэропортторго автоматтык стационардык тепловизорлорду орнотуу үчүн каражат бөлүп берди. Азыр мындай тепловизор “Манас” аэропортунда гана бар. Кырдаалды курчутуунун кереги жок. Бул вирус ковид сыяктуу аба-тамчы жолу менен эмес, физикалык байланыш аркылуу жугат», — деп кошумчалады ал.



