Коом
Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстанда да сезилди

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстан аймагында да сезилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, жер алдындагы силкинүүлөр бүгүн түнү, саат 3:16да катталып, күчү 4,5 баллды түзгөн.
Жер титирөөнүн очогу Кытай Эл Республикасынын аймагында, Как Шаал-Тоо кыркасында жайгашкан. Ал Кыргызстандын Бедель айылынан түштүк-чыгышка карай 33 чакырым, Кумтөр кенинен 75 чакырым жана Каракол шаарынан 123 чакырым түштүк-чыгышта орун алган.
Сейсмологдордун маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү Бедель айылында 3,5 балл болуп сезилген.



