Коом

Кыргызстандын аймагында бир жумада 224 мас айдоочу аныкталды

Кыргызстандын аймагында 10нан 16-декабрга чейинки аралыкта 13 миң 610 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

— тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 62;
— мас абалында унаа башкаруу — 224;
— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 27;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 283;
— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 070;
— транспорт каражаттарынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу — 5 636;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 3 207.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button