Коом

Чүй облусундагы мектеп, оорукана жана бала бакчаларды газга өткөрүү маселеси каралууда

Чүй облусундагы мектеп, оорукана жана бала бакчаларды газга өткөрүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.

Анын айтымында, «Газпром» менен Бишкек мэриясы 2023-жылдан бери мектеп, оорукана жана бала бакчалардын отканаларын газдаштырып бүткөн.

«Газ менен иштөөгө мүмкүнчүлүгү барлардын баарын газга өткөрдүк. Андай шарты жоктор электр энергиясы менен иштеп жатат. Азыр Чүй облусундагы көмүр жагылган жайларды газга которуу жолун карап жатабыз. Мындан ары да жергиликтүү бийлик менен иштей бермекчибиз», — деди Алдаяров.

Тектеш кабарлар

Back to top button