Коом

Жашы жете электерге үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат

Президент Садыр Жапаров Кыргыз «Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген конституциялык мыйзамга кол койду. Документ жашы жете электердин үгүт иштерине катышуусунун тартибин тактап, шайлоо алдындагы материалдарга коюлган талаптарды күчөтөт.

Кол коюлган өзгөртүүлөргө ылайык, 22-беренеден 18 жашка чыга элек адамдар тууралуу мурдагы жобо алып салынды. Анын ордуна жаңы пункт киргизилип, анда жашы жете электерге үгүт иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле үгүт материалдарын таратууга же чыгарууга түздөн-түз тыюу салынат.

Ошол эле учурда, талапкерлер өздөрүнүн каалаган курактагы, анын ичинде балалык кезиндеги сүрөттөрүн жана видеожазууларын колдонуу укугун сактап калышат. Мындан тышкары, эгерде алардын катышуусу үгүт ишмердүүлүгүнө байланыштуу болбосо, шайлоочулар менен жолугушууларда жашы жете электердин болушу үчүн талапкер жоопкерчилик тартпайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button