УКМК: Кыргызстанга синтетикалык баңгизаттарды жеткирүү каналы аныкталды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
КР УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү менен каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына синтетикалык баңги заттарды жеткирүү каналына бөгөт койду.


2026-жылдын 8-февралында жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдик иш-чаралардын натыйжасында Казакстан Республикасынын жараны жалпы салмагы 5 кг болгон «Альфа ПВП» синтетикалык баңгизаты менен кармалган.

Учурда Казакстан Республикасынын жараны КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды жана баңгизат каналынын уюштуруучуларын аныктоого багытталган кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошондой эле өндүрүү, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасына тартылаарын эске салабыз.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча белгилүү болгон учурлар тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кабарлаңыз. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.



