Саясат

Жапаров да, Ташиев да кыйналууда. Эл өкүлү эки досту ынтымакка чакырды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев өлкөдөгү акыркы кырдаалга токтолуп, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди ынтымакка чакырды. Ал бул тууралуу бүгүн, 11-февралда парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, акыркы күндөрү республикада чоң окуялар болуп жатат жана кырдаал тең салмактуу чечимдерди кабыл алууну талап кылат.

«2006-жылдары Кыргызстанда «Ата Журт» партиясы түзүлгөн. Аны Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев түзгөн. Мен алардын артында туруп, экөөнө эч качан калп айткан эмесмин. Түнү менен ойлонуп чыктым. Кечээ түнү Садыр Нургожоевич да кабыл алган чечимден жакшы уктай алган жок. Камчыбек Кыдыршаевич дагы ооруп, кыйналып жатат. Мен экөөнөн тең улуумун. Өзүмдүн атыман айткым келет. Бирөө — бүткүл элдин тандоосу менен шайланган президент, экинчиси — Кыргыз Эл баатыры. Экөө биригип чек ара маселесин чечип, экономиканы өстүрдү. Экөө тең элдин патриоту, эл дегенде жеген ашын жерге коёт. Биз да ушул күндөрү бөлүнүп-жарылбай бир болуп койсок, эл турмушун оңдоп, бардык максатка жетебиз», — деди эл өкүлү.

«Эми жумушта түшүнбөстүктөр болот. Эки досумду чакырат элем, баары жакшы болот, досторумду реформаларды аягына чыгарууга чакырам. Экөө тең патриоттор жана эл үчүн баарына даяр. Жогорку Кеңеш аларды биримдик менен колдошу керек», — деп кошумчалады депутат.

Анын айтымында, VI чакырылышта депутат болуп турганда өлкө бюджети эки миллиарддан ашкан эмес, эми чыгымдар он миллиардга чейин чыгып кетти. Депутат бул беш жылда болуп жаткан көрүнүш экенин, мамлекет жакшы нукта бара жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, президент бир күн мурун Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы кызматынан бошоткон.

Тектеш кабарлар

Back to top button