Экөөнүн мамилесин саясатташтырбаш керек. Оштун мэри Ташиевдин өзү менен байланышканын айтты

Бүгүн эртең менен Ош шаарында өткөрүлгөн рейд учурунда мэр Жеңишбек Токторбаев күч түзүмдөрүндөгү кадрдык өзгөрүүлөр жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши тууралуу суроолорго жооп берди.
Түштүк борборунун башчысы кызматтан алуу чечими мамлекет башчысынын өзгөчө ыйгарым укугу экенин белгилеп, коомчулук биримдикти сакташы керектигин айтты.
«Ал киши оюн билдирди. Президенттин чечимине баш иерин, мамлекетте, коомчулукта мыйзам бузуу болбошу керектигин айтты. Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич ажырагыс достор. Нан тиштешип, Куран кармап, шерттешип дос болушкан. Мен деле кандай болорун билбейм, Камчыбек Кыдыршаевич келсе өздөрү сүйлөшүп алар. Экөөнүн мамилесин саясатташтырбаш керек. Кудайга шүгүр, экөө келгенден бери өлкөдө бир топ өзгөрүү болду», – деди Токторбаев.
Калаа башчысы Ташиевдин өзү менен байланышканын айтты.
«Ден соолугу жакшы. Жүрөгүндө беш стент бар, ошонун бирөө жылып кетиптир. Кыргызстанга жакында келерин айтты», — деди мэр.
Токторбав журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент кызматтан азыр кет десе арыз жазууга даяр экенин айтты.
«Ар ким өз иши менен алектенет. Эң башкысы — туруктуулук жана тынчтык», — деп билдирди мэр.



