Коом
Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келди

УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу аба майдандан тартылган видеону Регион ТВ жарыялады.
Маалым болгондой, атайын кызматтын мурдагы башчысы бүгүн «Манас» эл аралык аэропортуна келди.
ЖМКлардын маалыматына караганда, Камчыбек Ташиев дароо унаага отуруп кетип калгандыктан, журналисттер ага суроо узатууга үлгүрбөй калышкан.
Саясатчынын дарылануусу толук аяктай электигине карабастан, кайтып келүү чечими кабыл алынганы айтылууда. Бул тууралуу буга чейин анын тарапташы Нургазы Анаркулов билдирген.




