Коом
14-февралга карата аба ырайы

Бүгүн республиканын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу ыктымал. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы:
Чүйдө 6…11,
Талас аймагында 4…9,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 11…16,
Ысык-Көл өрөөнүндө 2…7,
Нарын жергесинде -4…+1 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 7…9,
Ош шаарында 12…14 градуска чейин жетет.



