Коом

Өздөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырган адамдардын мыйзамсыз иштери аныкталды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз аракеттерди жасаган адамдардын тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

Аталган адамдар турак жайларда мыйзамсыз ишмердүүлүктү уюштуруу фактыларын аныктоого багытталган кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүү шылтоосу менен жарандардын батирлерине мыйзамсыз кирип, акча талап кылышкандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен  кылмыш иши козголду.

Иликтөөнүн алкагында төмөнкүлөр кармалды: 1995-жылы туулган К.Ж.; 1994-жылы туулган Ж.Э.Ж.; 1995-жылы туулган С.А.А. Кармалгандардын бардыгы мурда жеке күзөт агенттиктеринин кызматкерлери болушкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган адамдар Бишкек шаарынын аймагында 15 дарек боюнча ушундай эле аракеттерди жасашкан. Мыйзамсыз аракеттерден келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда.

Мыйзамсыз ишмердүүлүктүн башка мүмкүн болгон эпизоддорун аныктоо боюнча андан ары тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button